23-март күнү республикадагы дин кызматкерлер ишембиликке чыгышат. Буйрукка Азирети Муфтий кол койду

Айлана-чөйрөнү тазалоо максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү бардык кызматкерлер (облустук казыяттар, райондук хатибияттар,  айылдагы имамдар жана диний окуу жайлар) 23-март күнү массалык түрдө ишембиликке чыгышыт. Мындай буйрукка бүгүн, 18-мартта Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Ишембилик иш чарасынын алкагында дин кызматкерлери өздөрүнүн аймагындагы мечиттердин, диний окуу жайлардын айланасын тазалашып, таштандыларды чыгарышмакчы. Ошондой эле  карыялар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө  тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иштеринде жардам беришмекчи.