Ош шаардык казыяты уюштурган олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (Тизме)

Ош шаардык казыяты түштүк аймактагы  диний окуу жайлардын студенттери арасында жаштардын илимге болгон кызыгуусун күчөтүү жана мугалимдердин жоопкерчилигин арттыруу максатында фыкх, араб тилинин грамматикасы боюнча олимпиада уюштурду. Иш чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев катышып, жаштарды билимдүү болууга чакырды.

«Азыр илим-билимдин заманы. Илим-караңгылыктан жарыкка чыгара турган жол»,- деди шаар казысы.

Олимпиаданын жүрүшүндө атайын шаардык казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, жоболор бекитилип, сынактын катышуучулары үчүн атайын убакыт берилди. Сынак тест түрүндө өтүп, фыкх сабагынан 50 суроо, ал эми араб тилинин грамматикасы боюнча 25 суроо даярдалган.

Сынактын жыйынтыгында араб тили грамматикасы боюнча 1-орунга Ош облусунун Ноокат районундагы «Молдо Таабалды» медресесинен Кубанычбек уулу Хайруло татыктуу болсо, 2-орунга Баткен облусунун Лейлек районундагы «Таир» медресесинен Исмаилов Орозали ээ болду. Ал эми 3-орунду Өзгөн районундагы «Абдураим кары» медресесинен келген  Махаматкарим кызы Рония багындырды.

Аты-жөнү  Балл Орун

Обл.рай. мед.

1 Кубаныч уулу Хайруло 76 1 Ош обл. Ноокат рай.

“Молдо Таабалды” медресеси

2 Исмаилов Орозали 72 2 Баткен обл. ЛЕЙЛЕК району

“Таир” медресеси

3 Махаматкарим кызы Рония 68 3 Ош обл. Өзгөн. Рай.

“Абдураим кары” мед.

4 Абдусаламова Мухаррам 66   Ош ш.

“Козу кызы Бурмакан” медресеси

5 Абдухаликова Назира 66 Жалал-Абад обл.

Илим-ТАТ

6 Каримова Замира 64 Ош ш.

“Козу кызы Бурмакан” медресеси

7 Турсунбаев Мухаммадюсуф 64 “Абурахман бин Ауф” мед
8 Зиябидин кызы Нуриза 60 Баткен обл.

“Имам Аьзам” медресеси

9 Мажитов  Үсөн 56 Баткен обл.

“Муаз бин жабал” медресеси.

10 Алимова Муслима 54 Жалал-Абад обл.

“Аиша-Сиддика” мед.

11 Бакирова Ж. 50   Жалал-Абад обл.

“Аиша-Сиддика” мед.