Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн баш имамы иш кеңселүү болду

Аксы райондук хатибиятынын кызматкерлери Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “Ажымат Эшен” борбордук мечитинде түптөлүп жаткан имамдардын иш кеңсеси менен жеринде таанышып чыгышты. Ошондой эле хатибият кызматкерлери имамдын иш бөлмөсүндө үч функционалдуу компьютер жана бардык шарттар каралгандыгына  күбө болушту.

Муну менен катар баш имам хатиб Мырзабек ажы Абдыкалыков Муфтият жана облустук казыяттан келген буйрук, тапшырмаларды имамдарга тааныштырып, региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата алгылыктуу иш чараларды уюштуруп, казыят, райондук хатибият, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тыгыз иш алып барууга чакырды. Андан соң Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн баш имамы Абдурашит Анакеев облус казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасын аткарууда өзү демилге көтөрүп, заманбап кеңсе уюштургандыгы учурдун талабы экендигин жана башкаларга үлгү болгондугун баса белгилеп, башка айыл өмөттөрдө да имамдардын иш кеңсесин түптөө керектигин айтты.

 “Санариптештирүүнүн алкагында Үч-Коргон айылындагы бардык дин кызматкерлер, мечиттер тууралуу маалыматтар электрондук тизмеге киргизилди. Мындан ары кыйынчылык болбойт”,-деди Абдурашит Анакеев.