Жалал-Абад облусундагы имамдар ишембилик өткөрүшүп, бак-дарактарды отургузушууда

Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда, окуу борборлордо жана хатибияттарда ишембилик өтүп, ага дин кызматкерлери, баш имам хатибдер, имамдар, мугалимдер, мүдүрлөр, окуучулар жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

Ишембилик иш чарасынын алкагында айлана-чөйрө тазаланып, арыктар чабылып, таштандылар чыгарылды. Мындан тышкары бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, ар түрдүү гүлдөрдүн уруктары себилди.

“Бак-дарактар кыйыштырылып, акталды. Айрым тоолуу аймактарда кар кете электигине байланыштуу ишембиликтин убагы жылдырылса, айрым аймактарда ишембилик иш чаралары уюштурулду”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Эскерте кетсек, 23-март күнү республика боюнча бардык дин кызматкерлер ишембилике чыгышат. Буйрука бүгүн, 18-мартта Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койду.