Баткен районундагы имамдарга жаңы кодекстер боюнча маалыматтар берилди

Баткен райондук «Абу Бакр Сыддык» мечитинде Баткен районунун имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда 2019- жылы ишке кирген жаңы кодекстер боюнча жана тазалык иш-чараларын өткөрүү туурасындагы маселелер каралды.

Иш чарага КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алихан Ураимов , ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү Кубаныч Касымов, Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов катышты.

Адистер имамдарга жаңы мыйзамдар боюнча кенен маалымат беришип, райондун баш имам хатиби тазалык, мечиттерди каттоо жана эл менен тыгыз иш алып баруу жаатында тапшырмаларды берди.