Чүй облусунундагы имамдар эл менен бирге ишембилик өткөрүштү. Эми 23-мартта өтө турган ишембиликке камылга көрүшүүдө

Чүй облусунун мусулмандар  казысынын буйругуна ылайык жалпы дин кызматкерлер ишембиликке чыгышып, ар бир райондук хатибият өз карамагындагы мечиттерде,  парктарда тазалоо иштерин жүргүзүштү. Муну менен катар бак-дарактарды актап жана тиешелүү жерлерди оңдоп-түздөштү.

«Чүй аймагындагы дин кызматкер  эл менен биргеликте ишембилик өткөрүшүп, көпчүлүк жерлерде тамак-аш дагы уюштурулду. Бул ишембилик 23-мартта дагы улатылат»,-деди казыяттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Бектен Зарылбеков.