Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын студенттери футбол талаасында достук таймашын өткөрдү

Диний окуу жайлар ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында Кыргызстандын түштүк аймагындагы диний окуу жайлардын  арасында спорттук мелдеш Ош шаарындагы “Нур спорт” клубунда болуп өттү. Студенттер футбол талаасында достук таймашын өткөрүшүп, анын жыйынтыгында 1-орунду Баткен, 2-орунду Ош облусу камсыз кылса, ал  эми Ош шаары 3-орунду багындырды.