Ош шаарындагы “Сайида Хадича” кыздар медресесинин студенттери “Боорукердик” карылар үйүндө ишембилик өткөрүштү

Ош шаардык казыятына караштуу “Сайида Хадича” кыздар медресеси Ош шаарындагы “Боорукердик” карылар үйүн зыярат кылышып, карылар үйүнүн айланасын тазалап, акыр-чикирлерди, таштандыларды чыгарышып, бактардын түптөрүн акташты. Муну менен катар “Сайида Хадича” кыздар медресесинин эмгек жамааты “Боорукердик” үйүнүн  эшик-терезелерин  тазалашып, бардык муктаждыктарын орундатышты.

Иш чарага Ош шаардык казыятынын кызматкерлери, “Сайида Хадича кыздар медресесинин мугалимдери катшып, жалпы ишембиликке катышкан студенттерге алкыштарын айтышты.