Ош шаардык казыятынын демилгеси менен муктаждарга 500 жардам баштыгы таратылды

Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде шаардык казыяттын  демилгеси менен 500 даана жардам баштыгы шаардагы муктаж, жетим-жесир, кары-картаң, кедей-кембагал, кароосуз калган балдарга жана турмушу оор үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

100 даана баштык Ош шаарындагы көзү азиздер, “Бооркердик” карылар үйүнө берилди.

“Кайрымдуулук баштыкчасына 5кг ун, май, чай, күрүч, шербет, курут,  кесме, нан, нават жана кумшекер салынды. Мындан сырткары 10 баштык кийим-кече таркатылып берилди”,-деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Иш чарага Ош шаарынын казысы, Ош шаардык казыятынын кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

Эскерте кетсек, бул кайрымдуулук иш чарасы демөөрчүлөрдүн колдосу менен ишке ашырылды.