Аксыдагы аксакалдар кеңеши ысырапкерчиликти токтотуу керектигин айтып, элге түшүнтүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады

Аксы районуна караштуу Кербен шаардык мэриясынын жыйындар залында аксакалдар кенеши жана райондук хатибияттын демилгеси менен ысырапкерчиликтин алдын алуу, маркумду акыркы сапарга узатуу, той, мааракелердеги ашыкча чыгымдарды азайтуу,  ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюу максатында жыйын өткөрүштү.

Жыйын алкагында райондун хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков ысырапкерчиликтин шариаттагы ордун түшүндүрсө, аксакалдар кеңешинин төрагасы Эркин Сатаев той-аштагы ашыкча чыгымдар, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчилик элди тажаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле  ар түрдүү агымдар тууралуу маалыматтар берилип, учурда алардын айынан элдин ынтымагы кетип, үй-бүлөлөр бузулууга себеп болуп жаткан фактыларды айтып, элге түшүндүрүү-профилкатикалык иштерин жүргүзүү сунуштары берилди.

Жыйындын соңунда жалпы катышуучулар кабыл алынган чечимдерге бир добуштан макул болушту.