Кыргызстан Ислам Университетинин шарият кафедрасы тарабынан “Фыкх ас-Сира” жана “Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) сыпаттары” аттуу китеп жарыкка чыкты

Кыргызстан Ислам Университетинин шарият кафедрасы тарабынан  “Фыкх ас-Сира” жана “Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) сыпаттары” аттуу китеп  жарыкка чыкты.
Китептер пайгамбарыбыз Мухаммад мустафанын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүр жолу, адеп-ахлагы, кийингени, тамактанганы, айтор өтө көп сыпаттары жөнүндө сөз козголот. Бул китептер дагы Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүр жолун сүрөттөгөн китептердин бири. Бирок, башка китептерден айырмаланып, бул китептерде пайгамбарыбыздын өмүр жолун эле айтып тим болбостон, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) башынан өткөргөн ар бир окуядан алынчу сабак жана ибараттарга басым жасалган. Дагы бир өзгөчөлүгү Кыргызтанга аттын кашкасындай таанымал Абдишүкүр ажы Нарматов, Чубак ажы Жалилов, Алайчы ажы Сейитбек, Шермухаммед ажы Акматжан уулу сыяктуу аалымдар даярдаган.