Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери Катар мамлекетинде өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк араб тили боюнча конкурска катышууда (тизме)

Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери Катар мамлекетинде өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк араб тили боюнча конкурска катышууда. Учурда Катарда өтүп жаткан конкурска 55 мамлекеттен 110 команда катышып жаткан болсо, Орото Азиядан жалгыз  гана Кыргызстандык студенттер  ат салышууда.

«Катарда өтүп жаткан конкурска  Орото Азиядан биздин Кыргызстан Ислам Университети жана Эл аралык Кувейт университети катышууда. Биздин университет биринчи жолу мындай дүйнөлүк жарыштарга катышууда. Студенттерибиз абдан мыкты даярдыкты көрүп кетишкен. Азыр алардан үмүтүбүз чоң»,-деди КИУнун окуу тармагы боюнча проректору Абан Матраимов  

Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк араб тили боюнча конкурсуна кеткен студенттериди КИУнун араб тили боюнча мугалими Амин Фатхий жетектеп кеткен.

Дүйнөлүк араб тили боюнча конкурсуна жөнөп кеткен  Кыргызстан Ислам Университетинин студенттеринин тизмеси:

  1. Валижан уулу Улукбек 4-курс
  2. Абдилимов Омурбек 4-курс
  3. Азимбай кызы Айсулуу 4-курс
  4. Асылбекова Кызжибек 1-курс