Лейлек районунун баш имам хатиби айыл имамдары менен жолугушуп, дин кызматкерлеринин милдеттерин түшүндүрдү

Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшеев райондогу жалпы имамдарга жыйын өтүп, анда  дин кызматкерлеринин милдеттери жана адептери, ишмердүүлүгү менен жоопкерчиликтери каралды.

«Имам элге ар тараптуу үлгү болуусу керек. Ар дайым эл менен чогуу болуп, өз иштерине так жана жоопкерчиликтүү болуусу зарыл» — деди райондун баш имам хатиби.

Муну менен катар Абдиравшан ажы Дүйшеев имамдар арасында ай сайын сабактар өткөрүлөөрүн айтып, бул дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө болоорун билдирди.

Лейлек районунун имамдарына өткөрүлгөн жыйынга Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасы Жунус ажы Саранов, МУККнын Лейлек району боюнча кызматкери, этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Лейлек району боюнча жооптуу катчысы катышты.