Мамбетасан ажы Ибраев: Өзүн баккан миң уулдан, элин баккан бир уул артык

Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан ажы Ибраев аялзаты үчүн «Үй-бүлөдөгү бала тарбиясы» аттуу темада семинар уюштуруп, ага 150гө чукул аял катышты.

Семинар Нарын медресесинде өтүп, анын алкагында облус казысы баланы туура тарбиялоо, аялзатынын үй-бүлөдөгү орду туурасында баяндама жасады.

«Балдарды тарбиялоодо энелердин орду чоң. Өзүн баккан миң уулдан, элин баккан бир уул артык. Ыйманга сугарылган, элин ойлогон балдарды аялзаты тарбиялайт», -деди облус казысы.