Бек-Тоо айылында балдар арасында 1 пара Куранды жатка окуу боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Кийинки Куран жарышы Рамазан айында уюштурулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бек-Тоо айылында балдар арасында 1 пара Куранды жатка окуу боюнча сынак өттү. Аталган сынак Бек-Тоо айылындагы «Азирети Али» мечитинин имамы Родин Сейдамановдун демилгеси менен уюштурулуп, айыл тургуну Абдулло уулу Сайфулло демөөрчүүлүк кылган.

«Сынакка Бек-Тоо айылынан 15 бала катышып, 1 пара Куранды жатка айтуу боюнча өз күчтөрүн сынап көрүштү»,-деди Родин Сейдаманов.

Куран жарышынын жыйынтыгында калыстардын чечими менен 1-орунга Абдулазиз уулу Ислам жеңүүчү аталып, акчалай сыйлык жана бир козу белекке берилди.

2-орунду Тайыр уулу Абдугоний багындырды, 4000 сом сыйлыкка ээ болду. Ал эми 3-орунга Закир уулу Абдулло татыктуу болуп, 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Калган катышуучуларга демөөрчү тарабынан 1000 сомдон сыйлык берилип, мактоо баракчалар менен сыйланышты.

«Жаш уландардын мындан ары дагы Куранды жаттоого ынтызар кылуу ирээтинде кийинки сынак  орозо айына белгиленип, 2 пара жаттаган балдардын ортосунда өтөөрү сүйлөшүлдү. Кийинки сынакка демөөрчү тараптан 1-орунга тай коюлмакчы»,-деди айыл имамы.