Токмок шаардык хатибияты ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы менен биргеликте Жаңы-Жол айылындагы мектеп-интернатка кийим-кече таратты

Токмок шаардык хатибияты ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы менен биргеликте Жаңы-Жол айылындагы мектеп-интернатында таалим-тарбия алып жаткан балдарга жазгы кийимдерди тапшырды. Кийимдерди мектеп-интернаттын башкы тарбиялоочусу Айсалкын Орозматова кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди.

«Көптөн бери Токмок шаардык хатибияты жана  ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы тарабынан биздин мектепке дайыма жардамдар келип турат. Кандай жардам болсо да бардыгын кабыл алып, мектептин кайсыл бөлүмүнө тиешелүү болсо, ошол жакты көзөмөлдөгөн мугалимге тапшырып беребиз. Бүгүнкү келген кийимдер өзгөчө кыздарга өтө керек болгон мектеп формалары экен. Буларды да карап чыгып, бардыгын балдарга тапшырып беребиз»,-деди Айсалкын Орозматова.