Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы мектеп окуучуларына ыйман жана адеп темаларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы мектеп окуучуларына ыйман жана адеп темаларында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Иш чарага ата-энелер, мугалимдер жана мектептин эмгек жамааты катышып, анын алкагында окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен мекенин, элин сүйгөн атуулдардан кылып тарбиялоо ар бир инсандын милдети экендиги айтылды.

Муну менен катар окуучуларга убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, зына, экстремизм, терроризм, терс диний агымдардан этият болуу, аялдын коомдогу орду, үй-бүлөдө ата-эненин ролу туурасындагы маалыматтар берилди.

 “ “Балаңды көрсөт, мен сенин келечегиңди айтып берем”-демекчи  балдарыбызга туура тарбия берүү менен аларды келечекте татыктуу инсан кылабыз”,-деди райондун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев.