Ош шаарында өткөн олимпиадада Баткендеги “Имам Аьзам” жана Лейлектеги «Таир» диний окуу жайларынын студенттери алдыңкы орундарды багындырышты

Түштүк аймактагы  диний окуу жайлардын студенттери арасында өтөн олимпиадада Баткен облусундагы “Имам Аьзам” медресесинин 3-курсунун студенти Уланбек кызы Элина 1-орунду камсыз кылса, араб тилинин грамматикасы  сабагынан Лейлек районундагы «Таир» медресесинин студенти Исмаилов Орозали 2-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, Ош шаардык казыяты Баткен, Жалал-Абад, Ош облустук казыяттарынын алдындагы диний окуу  жайлар арасында олимпиада өткөрүп, ал жаштардын илимге болгон кызыгуусун күчөтүү максатында уюштурулган.