Бишкектеги «Умму Салама» мечитинин имамынын демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрго 30 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Умму Салама» мечитинин имам хатиби Саибназар ажы Гулмуродовдун демилгеси менен мечиттин айланасында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына  материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Мындай жакшы жышаанды байма-бай өткөрүп турууга бел байлаган жергиликтүү тургундар колдон келишинче салымын кошушкан.

«Мусулман-мусулманга бир тууган. Кошунасы ачка болуп, өзү ток болгон бизден эмес деп пайгамбарыбыз САВ баса белгилеп, айтып кеткен. Сооптуу издеген бир туугандарыбыздын колдоосу менен 30 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлүп, аз болсо да жаштарды сүйүнтүүгө аракет жасадык»,-деди «Умму Салама» мечитинин имамы.

Эскерте кетсек, «Умму Салама» мечити 2018-жылы пайдаланууга берилген.