Чолпон-Ата шаарында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча атайын отурум өттү

Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл кинотеатрында бүгүнкү күндөгү диний кырдаал талкууланып, экстремизмге, терроризмге каршы туруу жана алдын алуу боюнча атайын отурум болуп өттү.

Аталган отурумга Ысык-Көл районунун акими Иманалиев Данир Белекович, Ысык-Көл РИИБнүн башчысы Нургазы Увалиев, Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын өкүлдөрү, мектеп директорлору жана мугалимдери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан талап-тоноочулук, суицид, адеп-ахлак, тарбия маселелери каралып, жергиликтүү тургундарга атайын иш-чараларды жетишээрлик деңгээлде уюштуруу туурасындагы маселелер каралды.