Нарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлеринин катышуусунда миграция маселеси талкууланды

Нарын шаарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, укук коргоо органдары жана социалдык жактан тейлөө кызматкерлеринин катышуусунда миграция  боюнча семинар өттү.

Жыйында мигранттардын балдарынын жана ата-энелердин укуктары жөнүндө сөз болуп, мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү,  мектептеги мигарнттардын балдары менен  тыгыз иштешүү темаларын талкуулашты.

Ал эми  Нарын шаарынын баш имам хатиби Алмаз Талипакунов мээрим көрбөгөн бала, баласына дагы мээрим төгө албай тургандыгын айтып, балдарды кор кылбоо керектигин билдирди.