Көлмө конушунда жайгашкан «Султан кызы Мариям» мечити кайрадан заманбап курулууда

Бишкек шаарынын Көлмө конушунда жайгашкан «Султан кызы Мариям» мечитин кайра куруп, жаңылоо иштери башталды. Саамалыкка Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов катышып, мечиттер Алла Тааланын үйү, мечиттерди таза кармаш керектигин билдирди.