Бишкектеги «Ас Сомад» мечитинин имамы таштанды топтолуучу жайда күн көргөн жарандарды зыярат кылып, ырыскы табуу туурасында баяндама жасады

Бишкек шаарындагы «Ас Сомад» мечитинин имамы Азимжан Хашимжан уулу шаардын четиндеги таштанды топтолуучу жайда иштеген жарандарды зыярат кылып, ырыскы тууралуу баяндама жасап берди.

«Кудай алдында ар бир мусулмандын даражасы бирдей. Даража бир гана Кудайдан коркуу деңгээли менен айырмаланат. Ошондуктан бул жашоодо кандай абалда болсок дагы Алла Тааланы, акыретти унутпайлы. Кудайдан коркуу менен ырыскы издейли»,-деди Азимжан Хашимжан уулу.

Таштандыда ырыскы издеген жарандардын саны 30дан ашып, күн сайын таштанды жайга келип, өз үй-бүлөлөрүн багып келишет.