Ош облустук казыяты 120 түп көчөт отургузуп, арыктарды жана көчө бойлорун тазалашты

Бүгүн, 23-мартта Ош облустук мусулмандар казыяты Ош шаардык мэриясы бөлүп берген аймактарда ишембилик өткөрүшүп, 120 түп дарак отургузду. Иш чарага облус казысы Самидин каары Атабаев катышып, тазалык ыймандын жарымы жана бак-дарактарды отургузуу соопту амалдардан экендигин баса белгиледи.

Облустук казыяттын ишембилик иш чарасынан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алып, өзүнүн ыраазычылыгын дагы билдирди.