Ош шаардык казыяты ишембилик иш чарасында өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык бүгүн, 23-мартта Ош шаардык казыятынын эмгек жамааты ишембиликке чыгышты. Ишембиликке Ак-Буура чыгыш жана Ак-Буура батыш хатибияттары аймактагы имамдар менен биргеликте көчө бойлорун, арыктарды жана мечиттерди тазалашты.

Ош шаардык казыятынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имамы Мырза каары Осмонов жетектеген дин кызматкерлери ишембилик өткөрүшүп, мечиттердин айланасын тазалашты. Муну менен катар бак-дарактарды актап-сырдашып, көчөттөрдү отургузушту.

Ош шаардык казыятынын Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имамы Мирланбек ажы Токтомушов хатибиятка караштуу мечит имамдары менен ишембиликке чыгып, мечиттердин айланасын тазалап, бак-дарактарын актап, таштандыларды жана акыр чикирлерди тазалашты.