Нарын обулусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев баштаган казыят кызматкерлери кардын жаагындыгына карабастан ишембилик өткөрүштү

Нарын облусунун аймагындагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда, окуу борборлорунда жана шаардык, райондук хатибияттарда ишембилик өтүп, ага дин кызматкерлери, баш имам хатибдер, имамдар,  жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

Ишембилик иш чарасынын алкагында облустагы мечиттердин айлана-чөйрөлөрү тазаланып,арыктар чабылып, таштандылар чыгарылды. Мындан тышкары Нарын районунда бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.