Таласта өткөн азан жарышында мыктылар аныкталып, республикалык сынакка жолдомо берилди

Талас шаарынын борбордук «Аал- аль Байт» мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы, «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси жана Талас олблусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте азан конкурсу өткөрүлдү.

Сынакта район арасында өткөрүлгөн мелдеште женип чыккан 12 талапкер ат салышып, жыйынтыгында 3 азанчы жеңүүчү деп табылды.

1-орун- Абдурзак Саттаров

2-орун- Исламжан Бабакулов

3-орун- Абдулазиз Баратахунов

“Калыстар тобу азанчыларды 3 талаптын негизинде карап, женүүчүлөрдү аныктады.  Алар махраж, кооз үн жана созуу эрежелери”,-деди казыяттын маалымат катчысы Нуржан Мамазалиев.

Азанчылар арасында өткөн сынакка «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмесинин төрагасы Т. Кубаталиев, Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев катышып, мындай сынактардын өтүүсү дин кызматкерлерине шык бере тургандыгы айтылды.

Ал эми калыстардын чечими менен 3 талапкер азан боюнча өтүүчү республикалык сынакка  жолдомо алышып, акчалай байгеге ээ болушту.