Баткен облусундагы дин кызматкерлери Ош-Баткен-Исфана жолунда ишембилик өткөрүштү

Баткен облустук мусулмандар казысынын тапшырмасы менен облус аймагындагы мечит, медреселерде ишембилик өтүп, ага жалпы дин кызматкерлери катышты. Иш чаранын жүрүшүндө мечит, медреселердин айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардан, акыр-чикирлерден тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аткарылды.

Ал эми Баткен районундагы Зар-Таш, Чоң-Кара, Ак-Турпак айылдарынын имамдары Ош-Баткен-Исфана жол бойлорунда ишембилик өткөрүштү.

«Кызыл-ыя шаарынын имамдары шаар көчөлөрүн тазалашты. Ушундай эле иш чара  Баткен, Сүлүктү шаарында жана Кадамжай, Лейлек райондорунда өткөрүлдү»,-деди облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов.