Алмазбек ажы Сагындыков: Дин кызматкерлери ишембиликти уланта беришмекчи

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү тазалашты. Ишембилик алкагында  дин кызматкерлери ооруканаларды, бала-бакча жана жетимдер үйлөрүн, ФАПтардын айланасын, карылар үйүн ошондой эле борбордук көчөлөрдү менен суу агуучу арыктарды тазалашып, көчөттөрдү отургузушту.

“Жаздын келиши менен тазалоо, актоо, жашылдандыруу иши улантыла бермекчи. Ошондой эле ар бир хатибият өз карамагындагы жетим-жесирлердин, багар-көрөөрү жок карыларыбыздын үй-жайын тазалап, көмөк көрсөтүшө беримекчи”,-дейт облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.