Баткен облусунун казысы мугалим , ардактуу аксакал Арапбай Имарбаевди зыярат кылды

Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен шаарынын тургуну, мугалим, ардактуу аксакал Арапбай Имарбаевди зыярат кылды.

Зыярат алкагында облус казысы мугалим-бул эң улуу кесип экендигин белгилеп, адамды тарбиялоодогу баалуулуктар тууралуу маектешти. Ошондой эле Пазыл ажы Султанмуратов учурда ардактуу эс алуудагы Арапбай Имарбаевге акчалай жардам берди.