Бишкекте өткөн азан айтуу сынагында 21 талапкердин ичинен 3 талапкер жеңишке жетишти

Кечээ, 25-март күнү Бишкек шаарындагы «Жами-и Надва» мечитинде Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган  азан айтуу боюнча  жарыштын шаардык туру  болуп өттү. Жарышка Бишкек шаарынын казысы  Садридин ажы Маджитов катышып, азан айтуунун сооптору тууралуу кеңири түшүндүрүп берди. Анын айтымында Исламдагы эң сооптуу иштердин бири-бул азан айтуу.

Сынакта шаардын төрт районунан тандалып алынган 21 азанчы катышып, өз күчтөрүн сынашты.

«Башка региондорго салыштырмалуу Бишкек шаарында азанды мыкты айткан жигиттер көп экен. Биз үчүн тандоо аябай кыйынга турду. 100 баллдык система менен баалап, жыйынтык чыгардык. катышуучулардык көпчүлүгү 90 упайдан жогору алышты. Ошентсе дагы шарт боюнча алдыңкы үчөөнү тандап алдык»,-деди калыстар тобунун төрагасы Рахматулла каары Басиров.

Сынактын жыйынтыгында биринчи орунду Бишкек шаарындагы «Тоиба КАСИ» мечитинин азанчысы Курманалиев Сүйүнбек ээлесе, экинчи орунга ошол эле мечиттин жардамчы имамы Нурмухаммад каары Джуманалиев татыктуу болду. Ал эми үчүнчү орун «Хафиз уулдары» мечитинин азанчысы Аады уулу Азаматка ыйгарылды.

«Азанчылар, убакытка жооп берет. Аалымдарыбыз имамчылык кылуунун жоопкерчилиги көп экендигин баса белгилеп, так болууга чакырат. Ал эми азан айтуунун сооптуу экендигин айтып, азан айтууга жарышкыла дейт. Ошондуктан колдон келишинче азанды жакшылап, тажвид,  мукамдуу үн менен айтууга аракет кылалы»,-дейт шаар казысы Садридин ажы Маджитов .