Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов баштаган казыят кызматкерлери жана имамдар ишембилик өткөрүштү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык Чүй облусундагы дин кызматкерлер ишембиликке чыгышты. Ишембиликке Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов жана  казыят кызматкерлери, райондук баш имам хатибдер, айыл имамдары, диний окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери, мечит жамааты катышып, арыктарды жана көчөлөрдү тазалашты.

«Бул күнү аймактагы бардык мечиттердин айланасы, бейтапканалар, эс алуучу жайлар, көчөлөр, мүрзөлөр тазаланды. Көп жерлерде жашылдандыруу иштери да жүргүзүлүп, жаңы көчөттөр отургузулду»,-деди облус казысы.

Ишембилик иш чарасынын алкагында  Кемин, Токмок  шаарынан тартып, Суусамыр өрөөнүнө чейин жалпысынан 500гө чукул мечит жана намазканаларда тазалоо, актап-сырдоо иштери жүогүзүлгөн.