Чолпон-Ата шаарында «Балар-биздин келечегибиз» аталышындагы форум өтүп, анын алкагында жаштар арасындагы кылмыштуулукту токтотуу маселеси талкууланды

Чолпон-Ата шаардык администрациясынын жыйындар залында «Балар-биздин келечегибиз» аталышындагы форум өтүп, анын алкагында жаштар арасындагы кылмыштуулукту жана өз өмүрүнө кол салуунун токтотуу маселелери талкууланды. Бул туурасында Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев билдирди.

Форумга КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, район акими Данир Белеков, РИИБ башчысы Н.К.Увалиев, МУКК өкүлү Айбек Омор уулу, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы М.Д. Усеналиев, мектеп директорлору, дин кызматкерлери жана айыл өкмөт башчылары катышты.

“Форум алкагында терс диний агымдардын алдын алуу жана балдар арасынданы кылмыштуулукту токтотуу, суицид боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралып, бир катар тапшырмалар берилди”-деди райондун баш имам хатиби.