Таластагы имамдар ишембилик өткөрүшүп, айлана-чөйрөнү тазалашты

Талас облусундагы дин кызматкерлери ишембиликке чыгышып, бак-дарактардын түптөрүн жумшартышты. Иш чарага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев катышып, айлана-чөйрөнү тазалап, көчөт отургузуунун сообун айтып берди.

“Ислам дини тынчтыктын жана тазалыктын дини. Ишембилик алагында облустагы дин кызматкери жапа-тырмак айлана-чөйрөнү тазалашып, бул боюнча дагы коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”,-деди облус казысы.