Чүй облусунда азан айтуу сынагы жыйынтыкталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жаткан азан айтуу конкурсунун облустук тандоо туру Чүй облусунда болуп өттү. Конкурс Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан «Хадижа» борбордук мечитинде өтүп, райондук тандоо турунан ийгилик көрсөтүп, алдыңкы орунду багынткан азанчылар күч сынашты.

Катышуучулардын бардыгы мыкты даярдыктарын көрсөтүшүп, калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Ново-Павловка айылындагы «Фатих» мечитинин азанчысы Хасан Урашанов ээлеп, уюштуруучулар тараптан 8000 сом акчалай сыйлыкка ээ болуп, республикалык конкурска жолдомо алды. 2-орунду Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинин окуучусу Мурзахмат Саттаров багынтып, 6000 сом жана республикалык жарышка катышуу үчүн жолдомо алды. Ал эми 3-орунга Жайыл районунун тургуну Батыр Токтомуратов чыгып, 3000 сом акчалай сыйлык жана жолдомо алды.