Бишкекте диний окуу жайлар арасында футбол боюнча финалдык беттеш өтөт

Кечээ, 26-март күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмү жана АВЕП коомдук фонду тарабынан диний окуу жайлар арасында өткөрүлгөн футболдук мелдештин финалдык туру Бишкекте башталды. Мелдешке облус аймагындагы диний окуу жайлардан жеңүүчү деп табылган командалар катышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөй болду.

«Диний окуу жайлар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган бул достук мелдеши жогорку деңгээлде өтүп, ошол эле учурда бири-бири менен байланыштарын бекемдеп алышат. Достук беттеши диний окуу жайлар арасындагы алаканы бекемдейт деп терең ишенем. Ошол эле учурда студенттердин билимине, таалим- тарбиясына көңүл буруш керек»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов диний окуу жайлардын студенттери ары кесипкөй, билимдүү жана өз кесибин сүйгөн адис болушу керектигин билдирди.

«АВЕП коомдук фонду менен биргеликте окуу жайларда кесиптик билим берилүүдө. Эми диний окуу жайлардын студенттери өз кесиби менен кошо кесиптик билимин дагы алышмакчы. Бул чоң жетишкендик»,-деди Акимжан ажы Эргешов.