Ысык-Көл облусунда азан айтуу конкурсу жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунда азан айтуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, мыктылары аныкталды. Конкурсун жыйынтыгында  1 орунга Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылынын тургуну Тынар Зайыров ээ болсо, 2-орунга Каракол шаарынан келген Сардар Кененбаев татыктуу болду. Ал эми 3 орун Чолпон-Ата шаарынын тургуну Эсенгул Чекировго ыйгарылды.

Азан айтуу сынагы Чолпон-Ата шаарындагы “Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в” атындагы борбордук мечитте өтүп, ага район аймактарынан жеңүүчү болгон талапкерлер катышты.

Эскерте кетсек, азан конкурсу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы менен “Мухаммад-Умар-Ош” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.