Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген диний окуу жайлар арасындагы көчмө семинар «Илим ТАТ» медресесинде өттү

Диний окуу жайлардагы мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген III-көчмө семинар Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Илим ТАТ» кыз-келиндер медресесинде уюштурулду. Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардагы Куран сабагынан берген мугалимдер, уюштуруучулар  жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.

Ачык сабак Куран сабагы боюнча өтүп, ал эми  класстан тышкаркы  иш чара боюнча “Мээримдүүлүк” деген тема алкагында конференция уюштурулду.  Куран сабагы ачык сабактын талабына ылайык өтүлүп бирок,  мугалим сабакты 6 мүнөт эрте аяктагандыгы баса белгиленди. Ал эми конференцияда окуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

“Конференцияда саламдашуу, хадис айтуу, көркөм окуу, мээримдүүлүккө байланышкан сахналашкан көрүнүш рубрикалары камтылып, жогоруда белгиленген теманын  алкагында студенттер өздөрү даярдап келген докладдарын окушту”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Иш чаранын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана конференциянын жүрүшү боюнча анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышты. Муну менен катар сабакты жакшыртуу максатында  сунуштарын беришип, иш чаранын жүрүшү тууралуу сунуш-пикирлерин билдиришти. Ал эми көчмө семинардын жыйынтыгында ачык сабакка “жакшы”, конференциянын өтүлүшүнө “эң жакшы” деген баа берилди.

Муну менен катар мугалимдерге олимпиадалардын жүрүшү, тест түзүүнүн ыкмалары, баалоонун критерийлери тууралуу кеңири түшүнүк берилип,  мугалимдин өздүк өз ара сабакка катышуу дептерин жана өз билимин өркүндөтүү дептерин уюштуруу керектиги баса белгиленди.