Ошто “Ыйман” кечеси өттү

Ош улуттук драм театрында “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан  “Ыйман”  кечеси өттү. Иш чарага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, катышуучуларга Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тууралуу 10 суроо берип, суроого толук жооп берген жарандарга өзүнүн белек-бекчектерин берди. Бул күнү сахналаштылылган чыгармалар коюлуп, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалы айтылды.