Балыкчы шаарында заманбап шарты менен курулган мечит ишке берилди

Балыкчы шаарында заманбап шарты менен курулган мечит бүгүн, 27-мартта эл кызматына берилди. Иш чарага шаардын вице-мэри Алишер Таабалдиев, Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков, шаардын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов жана мекеме жетекчилери, шаар тургундары, имамдар катышты.

Сааламылык алкагында катышуучулар мечит эл кызматында ыйманга, адеп-ахлакка жана Ислам дининин туура багытта жетишине кызмат кылуусуна тилектештигин билдиришти.

Эскерте кетсек, аталган мечит жеке ишкер тарабынан каржыланган.