Республикадагы диний окуу жайлар арасында өткөн футболдук турнирде «Көлмө» медресеси жеңүүчү болду

Республикадагы диний окуу жайлар арасында  өткөн футболдук турнир жыйынтыкталып, Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресеси жеңүүчү болду.

Оюндун алгачкы бөлүгүндө Нарын,  Чүй, Талас облусу  жана Бишкек шаарынын куралган командалар ойношуп, натыйжада Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресеси 1 орун, Чуй облусундагы «Лукман Хаким» медресеси 2 орун жана Талас медресеси 3 орунга ээ болду.

«Финалдык бөлүктө Баткендеги «Муаз бин Жабал»  медресеси менен «Көлмө» медресеси беттешип, натыйжада 4:2 эсебинде «Көлмө» медресеси жеңүүчү болду. 1 орунга 6 миң сом, 2 орунга 4 миң сом, 3 орунга 2 миң сом ыйгарылды»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргашов.

Эскерте кетсек, диний окуу жайлар арасында өткөрүлгөн футбол оюну КМДБ жана АВЕП коомдук фонду тарабынан уюштурулган.