Ош шаарындагы “Умму Мухамммед” жана “Сулайман-Тоо” медреселеринин студенттери Ош облусундагы төрөт үйүндө ишембилик өткөрүштү

Ош шаардык казыятына караштуу “Умму Мухамммед” жана “Сулайман-тоо” медреселеринде окуган студенттер Ош облусундагы төрөт үйүндө ишембилик өткөрүшүп, тосмолорду, бак-дарактардын түптөрүн актап, сырдап, акыр-чикирлерди тазалап, арыктарды чабышты.

Иш чарага Ош шаарынын казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз каары Абдурахманов жана Ош шаарынын казыятына караштуу “Умму Мухамммед” жана “Сулайман-тоо” медреселеринин мугалимдери жана студенттери катышты.