Нарын облусунда азан айтуу сынагы жыйынтыкталды

Кечээ, 27-мартта Нарын облусунун борбордук «Азирети-Али» мечитинде Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармасы менен макулдашуунун негизинде  «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси азан конкурсун өткөрдү.

Сынакта райондор жана Нарын медресесинин студенттери арасында өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрү ат салышып, жыйынтыгында 3 азанчы  жеңүүчү деп табылды.

1-орун-Ташматов Абдумалик (Нарын медресесинин мугалими)

2-орун-Оруналиев Азатбек (Нарын шаары)

3-орун-Матаев Нурбек (Кочкор району)

Калыстар тобу азанчыларды 3 талаптын негизинде тандашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакта  махраж, кооз үн жана созуу эрежелери каралды.

Азанчылардын кароо сынагында Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан ажы Ибраев куттуктоо сөзүн сүйлөп, мындай сынактардын өтүүсү дин кызматкерлерине шык бере тургандыгын айтты.

Жыйынтыгында калыстардын чечими менен 3 талапкер жеңүүчү деп табылып, акчалай байгеге ээ болуп,  республикалык сынакка жолдомо алышты.