КМДБнын Аппаратынын катчылык жана кадр бөлүмүнүн башчысы Жалал-Абад облустук казыятындагы иш кагаздар менен таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Аппаратынын катчылык жана кадр бөлүмүнүн башчысы Абдугапар ажы Койчукулов бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында иш кагаздардын жүргүзүлүшү менен  таанышты.

Казыяттын иш кагаздары менен таанышуу учурунда Абдугапар ажы Койчукулов бардык жүргүзүлүп жаткан кагаздар талапка ылайык экендигин баса белгилеп, эң жакшы деген баасын берди. Мындан тышкары бөлүмдөрдө кагаздардын жүргүзүлүшү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бардык казыяттарда иш кагаздардын жүргүзүлүшүнүн бирдей нормада камсыз кылуу керектигин кошумчалады.