Жалал-Абаддагы дин кызматкерлер 28 574 көчөт, 8377 гүл отургузуп, 600 чакырымдан ашык жолду тазалашты

Жалал-Абаддагы дин кызматкерлер 28 574 көчөт, 8377 гүл отургузуп, 600 чакырымдан ашык жолду тазалашты
Жалал-Абаддагы дин кызматкерлер 28 574 көчөт, 8377 гүл отургузуп, 600 чакырымдан ашык жолду тазалашты

 

Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлери масштабдуу ишембилик өткөрүшүп,  12 915 мөмөлүү, 15 659 мөмөсүз дарак жана 8377 ар түрдүү гүлдөрдүн уруктарын отургузушту.

Ишембилик иш чарасынын алкагында айлана-чөйрө тазаланып, арыктар чабылып, таштандылар чыгарылды. Ошондой эле көрүстөндөрдүн айланасы  оңдолуп, карыялар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүндө  тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иштерин жүргүзүшүп, болжол менен 600 чакырымдан ашык жол тазаланды.

«Быйылкы жылы жалпысынан 28 574 даана көчөт жана  8377 ар түрдүү гүлдөрдүн уруктарын отургузулду»,-деди облус казысы Абдулазиз каары Закиров.

2019-жылдын жаз айларына карата Жалал-Абад облусунун аймагы боюнча ишембиликти уюштуруу жана  «Бир момунга — бир дарак» аттуу айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү акциясы боюнча “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата айыл округдар аралык статистикалык көрсөткүч

2019-жылдын жаз айларына карата Жалал-Абад облусунун аймагы боюнча ишембиликти уюштуруу жана   «Бир момунга — бир дарак» аттуу  айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү акциясы боюнча “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата район жана шаар аралык статистикалык көрсөткүч

Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда, окуу борборлордо, казыят жана хатибияттарда ишембилик өтүп, ага казыят кызматкерлери, баш имам хатибдер, имамдар, мугалимдер, мүдүрлөр, окуучулар жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

Эскерте кетсек, 23-март күнү республика боюнча бардык дин кызматкерлер ишембиликке чыгышты. Буйрукка 18-март күнү Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгон.