Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Чечен Республикасынын Азирети Муфтийи Салах-Хаджи Межиев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чечен Республикасынын Азирети Муфтийи Салах-Хаджи Межиев менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Салах-Хаджи Межиев кыргыз элине 1944-жылдары көрсөткөн меймандостугуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн Дин Башкармалыгы ортосундагы кызматташуугу бекемдөө жаатында пикир алышты.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Салах-Хаджи Межиевдин жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууга Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы даяр экендигин билдирди.

Муну менен катар тараптап салттуу Исламды жайылтууда жана  экстремизм, терроризмдин алдын алууда тыгыз байланышта иш алып барууну талкуулашты.

Жолугушуунун акырында эки тарап бири-бирине белектерин тапшырышып, ыраазычылыктарын айтышты.

Эскерте кетсек, Эл аралык «Ислам мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» конференциясы 28-мартта Москвада башталып, 43-мамлекеттен келген 250 делегат катышууда. Учурда бул Эл аралык конференция Грозный шаарында уланууда.