Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, «Аманатка кыянаттык кылбоо» темасында баяндама жасады

Кечээ, 29-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, теология илимдеринин доктору, дин аалымы Ниязали ажы Арипов «Сулайман Тоо» мечитинде жалпы шаар тургундары менен жолугушуп, «Аманатка кыянаттык кылбоо, убадага бек болуу» темасында баяндамасын жасады. Эл менен болгон жолугушууда Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары инсандын өмүрү, ден соолугу жана убактысы  аманат экендигин белгилеп, адамзаты Жараткан Алла Таала берген жашоону туура пайдалануусу  керектигин билдирди.

Анас бин Маликтин риваятында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хутба айткан убакта сөзсүз мындай дечү: «Аманатка баш ийбегендин — ыйманы жок, убадага бек турбагандын болсо — дини жок»,-деп айтылган  нускалуу сөздөрдөн баяндама жасап берип, мамлекетибизге, элибизге тынчтык, амандык тиледи.