Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы секретары Мухаммад бин Абделькерим Аль-Иса менен жолугушту

Бүгүн, 30-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы секретары Мухаммад  бин Абделькерим  Аль-Иса менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуу алкагында тараптар кызматташуу жана мусулман үммөтүнүн тынчтыгын, биримдигин камсыз кылууда тажрыйба алмашуу жаатында сүйлөшүшүп, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну талкуулашты.