Жоробай ажы Шергазыев: Ишибизге жоопкерчиликтүү болсок ийгиликке жетебиз

Мындай пикирин, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусунда казыят кызматкерлерине өткөргөн жыйында билдирди.

Казыят кызматкерлери катышкан жыйындын алкагында Коргоо кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, имам Аль Матуридий акыйдасы боюнча Ханафий мазхабын бекемдөө, калк менен жүргүзүлгөн иштер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер, сыяктуу бир катар оорчундуу маселелер каралды.

Ал эми облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен казыятында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, казыят кызматкерлеринин  сушун-пикирлер талкууланды.

Азирети муфтийдин орун басары казыят кызматкерлерине кызматтык милдеттин так, жоопкерчилик менен аткарганда ийгиликке болорун айтып,  жыйында айтылган багытта мындан ары активдүү иш алып баруу боюнча  тапшырмаларды берди.