Сузак районундагы «Аиша Сиддика» кыздар медресесинде информатика сабагы жанданууда

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Сузак  районуна караштуу «Аиша Сиддика» кыз-келиндер медресесинде информатика сабагын жандандыруу максатында «Аналогдук жана санариптик маалымат» деген теманын алкагында  ачык сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө студенттерге маалымат айтыңындагы жаңы терминдер жана санарип боюнча түшүндүрмө берилип, 21 кылым технологиянын заманы болгондуктан инсан бул жаатта артта калбашы керектиги айтылды.

“Информатика сабагынын мугалими Акдана Тайчабарова ОшМУда окуп, билим алган. Кесиби математик-инженер программист. Педагогикалык иш тажрыйбасы 5 жыл. Биз келечек муундарга айрыкча, кыздарга технологиялык билимдерди да кошо беришибиз керек. Анткени, бала тарбиясы энеде болот”,-деди медресе мүдүрү Капарбек ажы Абдыкалыков.

Ачык сабактын жыйынтыгында медресенин жалпы мугалимдери ачык сабакка “эң жакшы” деген баасын беришти. Медреседе учурда 180 кыз окуп, 20 мугалим эмгектенет.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облус казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык диний окуу жайдын мүдүрлөрүнүн жана окуу бөлүм башчыларына чукул жыйын өтүп, “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” деген теманын алкагында студенттер арасында дилбаян, ЭССЕ, жат жазуу, баяндама жаздыруу,  казыяттын ЖМК менен байланышуусун күчөтүү, ички тартиптер жана отчетторду өз убагында берүү маселелери каралган болчу.